Коом

Шашылыш билдитрүү!  Жаан карга айланып, үшүк жүрөт

Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка караганда, 1-2-октябрь күндөрү өлкө боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда нөшөр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

2-октябрга карата аба ырайы:

Чүй, Таласта түнкүсүн абанын температурасы 1…6, күндүз 10…15 градус;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21 градус;

Ысык-Көл менен Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градуска төмөндөйт.

Ушул эле күнү Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт.

«Бийик тоолук райондордо түнкүсүн -5…-10 градуска чейин суук болушу мүмкүн. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат», — деп айтылган билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button