Коом
Катуу ысык болот. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, 17-19-июнь аралыгында өлкөдө күн ысып, абанын температурасы күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 39…41, Таласта 36…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
Кыргызгидромет ысык өткөрүп албоо үчүн күндүз ачык жерлерде көпкө жүрбөй, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарып турууну сунуштады.



