Спорт

Эл аралык турнирде Калмира Билимбек кызы күмүш медалга татыды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик турнирдин күмүш байгесине татыды.

Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

59 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны биринчи жана экинчи раунддарда польшалык балбандарды алгач 4:3, кийнкисин 8:0 эсебинде далысын басып жеңишке жеткен.

Ал эми финалда Билимбек кызы германиялык атаандашына 7:0 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

Буга чейин аталган мелдеште Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов жана Айсулуу Тыныбекова алтын, Раззак Бейшекеев күмүш, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button