Коом

Кыргызстанда  1-октябрдан тартып Абхаз, Армян номурларын айдоого тыюу салынат

Кыргызстанга 1-апрелден 9-сентябрга чейин Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген 9 635 автоунаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы “Унаа” мекемеси) кызматкери билдирди.

Анын көбү Чүй облусунда – 2 606. Бишкек шаарында 2 086, Жалал-Абадда 1 392, Ош облусунда 1 319 машинеге документ берилди. Калган 2 232 автоунаа башка аймактарда легализация болду.

“Унаа” мекемеси чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши 1-октябрда токтой турганын, андан кийин мындай номурлуу машинелерди Кыргызстанда айдоого тыюу салынарын эскертти.

Кыргызстанда 1-апрелден тартып чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши башталган. Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга — тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөйт.

Машиненин документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.

Тектеш кабарлар

Back to top button