Чындыкка дал келбейт! Камил Рузиевдин билдирүүсүнө Ысык-Көл ОИИБи жооп берди
15-майда Камил Рузиев социалдык тармактарга жарыялап, күйөөсү тарабынан бир нече жолу токмок жеген Каракол шаарынын тургуну Айзат Үсөнбаева оор абалда Ысык-Көл облустук ооруканасына жаткырылганын билдирген. Ошондон кийин да Каракол ШИИБнин кызматкерлери кылмыш ишин козгоп, зордуктаган адамды кармоого чара көргөн эмес! Бул боюнча тиешелүү органдардын жыйынтыгын күтөбүз деп жазган эле.
Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана коомчулукту ишенимсиз маалыматка алдырып жибербөө үчүн төмөндөгүлөрдү билдиребиз деп жазды Ысык-Көл облусунун ОИИБнин басма сөз кызматы:
14-майда Каракол Шаардык ички иштер бөлүмүнө Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан 1984-жылы туулган У.А., денесинен алган жаракаты менен ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Каракол ШИИБнин атайын каттоосуна алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.
Окуя болгон жерге шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу барышып, аялды анын күйөөсү 1993-жылы туулган Р.У. 14-май күнү саат 00.30дар чамасында үйдүн короосунда кызганычтан улам сабап салганын айткан.
Келтирилген ден соолуктун оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоо чаралары берилген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлдү. Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Денесине залал келтирген деп шектелген 28 жаштагы Р.У., КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин (Камактагы кармоонун негиздери) жана 97-беренесинин (Шектүүнү кармоонун тартиби) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлашты тиешелүү органдын Басма сөз кызматынан.





