Коом
Өлкөдө ВИЧке чалдыккандар 15 миңден ашты

1-декабрь — дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИД боюнча маалымдуулукту жогорулатууга арналган күн.
Вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун маалыматында ВИЧ менен каттоодо тургандардын 14 миңден ашууну Кыргызстандын, 900дөн ашууну чет элдик жарандар. 63% эркектер, 37% аялдар.
Ушул күнгө чейин дартка чалдыккан 3 миңден ашуун адам каза болгон.
- ВИЧ (HIV) — бул адамдын иммундук системасын алсыратуучу вирус.
- СПИД (AIDS) — бул ВИЧтин акыркы жана эң оор баскычы.
Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын алып жүрүүчүлөргө дары акысыз берилет.
Негизги жугуучу жолдору:
- Корголбогон жыныстык катнаш;
- Ийнени бир нече жолу колдонуу;
- Төрөт же эмизүү учурунда энеден балага жугушу.
- Өз убагында дарыланса, ВИЧ менен жашаган адам узак жана сапаттуу жашай алат.
- Антиретровирустук терапия (АРТ) вирусду басаңдатып, аны башка адамдарга жугузбаган деңгээлге чейин төмөндөтөт.
Алдын алуу чаралары:
- Корголгон жыныстык катнаш;
- ВИЧке тест тапшырып туруу;
- Ийнени бир эле жолу колдонуу;
- Кош бойлуулук учурунда текшерилүү.
Кыргызстандагы 2025-жылдын 1-октябрына карата статистика:
- ВИЧ менен ооругандар — 15 183;
- Өлкө жарандары – 14285;
- Чет өлкөлүк жарандар – 898;
- Каза тапкандар – 3751;
- СПИДден каза тапкандар — 983.



