Окуялар

УКМК: Чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине пара берүү фактысы боюнча бир нече адам кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды.

Ушул жылдын 14-январында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Кыргыз Республикасынын жарандары 1982-жылы туулган А.Т.Р., 1982-жылы туулган Т.И.Б., жана 1988-жылы туулган А.А.А. кармалып, тергөө абагына тергөө убагы бүткөнчө камалды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button