Окуялар

Бишкекте «Тазалыкта» иштеген аялды сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте «Тазалыкта» иштеген аялды сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Жол кайгуул милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 8-июнь күнү таңкы саат 04:40 чамасында болгон.

«Анда ак түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа Москва — Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен 64 жаштагы аялды сүзүп качып кеткен. «Тазалыктын» кызматкери оор абалда ооруканага жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда айдоочу изделип жатат. Жол кайгуул милициясы аталган окуянын күбөсү болгондор чыкса 102 же 031253-01-81, 996509102122 (WhatsApp) телефондоруна чалып, жазып коюуну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button