Дүйнө

Казакстандагы пневмониянын жайылышы коронавирустан дейт дүйнөлүк уюм

Маселе тестирлөөгө байланыштуу болушу ыктымал экен.  

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ) Казакстандагы пневмониянын таралып жатышына коронавирусту себепкер катары эсептейт, деп билдирди БДССУнун программасынын  иш аткаруучу директору Майкл Райан. Бул тууралуу Немец толкуну радиосу маалымдады.

Райан ооруну диагностоо коррективдүү эмес өтүп калган болуш керек, деп  белгиледи.

Тестирлөөнүн тыянагы жалган-терс болушу мүмкүн.   

Пневмониянын толкуну Казакстанда июнда башталган. Өкмөттүн кеңейтилген кеңешмесинде Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси Алексей Цой, 1-8-июлда өлкөдө  56 миң пневмония катталып, анын 39,7 миңинин табияты коронавируска окшош экенин айтты. Ошол эле учурда пневмония менен жабыркагандарды Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жалпы статистикасына кошушпайт, алардын тесттинин тыянагы терс деп. Ал эми саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү менен пульманологдор тесттин тыянагы жалган-терс болушу ыктымал деп бышыкташууда.

Казакстанда коронавируска тестирлөө июндун аягынан баштап кыскарган. Эгер май айы менен июндун башында бир суткада 25-28 миң тестирлөө өткөрүлсө, ушул жумада ал дээрлик эки эсеге азайып, 13-16 миңдин гана айланасында болуп калды.

Эске сала кетсек, азыр Кыргызстанда дал ушул Казакстандагыдай эле абал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button