Коом

2026–2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат

Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштап, 25-майда аяктоо чечимин кабыл алды.

Бирок окуу процессинин сапатын төмөндөтүп жибербөө жана сабактардын толук өздөштүрүлүшүн камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлө тургандыгын баса белгилешти.

Программаны толук өздөштүрүү максатында 6–11-класстар үчүн ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнү уюштурулмакчы. Ар бир мектеп кошумча сабактардын графигин өзүнө ылайыктап түзүп, ата-энелер жана билим берүү башкармалыгы менен макулдаша тургандыктары айтылды.

«Ал эми 1–5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими сакталат», — дешти министрликтен.

Өзгөртүүлөр Кыргызстанда өтө турган ири иш-чараларга байланыштуу кирип жатканы маалым болду. Алар — көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары, ШКУ саммити жана өлкөнүн Эгемендиктин 35 жылдыгын белгилөө.

Тектеш кабарлар

Back to top button