Геологдор күнүнө арналган окуучулардын дебаты өттү — ФОТО

2024-жылдын 20-апрелинде, Бишкек шаарындагы №94 мектебинде Геологдор күнүнө арналган окуучулардын дебаты өттү. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору Тоо-кен өнөр-жайчылар ассоциациясы менен биргеликте уюштурду.
Дебат – ой жүгүртүүнү, изденүүнү, тактыкты, чечендик өнөрдү өнүктүрүүчү жана сабырдуулук менен адамгерчиликти калыптандыруучу кызыктуу оюн. Бул оюн терең билим алууга шарт түзөт, адамды сыйлоого, сөз баалоого тарбиялайт жана келечектин Лидерлерин жаратат.
Ушул асыл сапаттарды окуучуларга калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору жыл башынан бери ийрим окуучулары менен дебат оюндарын өткөрүп келет. Буга дейре Эл аралык Эне тил күнү жана Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн эле. Бул жолу дебат оюну Геологдор күнүнө арналап, оуучулар тоо-кен өнөр жайына байланышкан темаларды талкуулашты.
Бул оюнга Республикадан келген 65 окуучу катышып, Тоо-кен өнөр-жайчылар ассоциациясы койгон баалуу белектер жалпы катышкан окуучуларга жана жеңүүчүлөргө тапшырылды. Алар 6 даана телевизор, 6 даана смарт-саат, 12 наушник, ар окуучуга футболка.
Ошондой эле жетекчи мугалимдерге, Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборуна да Тоо-кен өнөр-жайчылар ассоциациясынын баалуу белектери ыйгарылды.







