Коом
“Аю” компаниясын спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатат

Садыр Жапаров бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде айтты. Президент компания мыйзам бузууларга барганын айтты.
«2,5 жылдан бери эркелеттик. Таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба, спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут деп айттык. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат”, — деди ал.



