Коом

Бишкек мэриясы унаа токтотуучу жайлардын акысын 100 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы негизги көчөлөрдө муниципалдык автотоктотмолорду жана машине коюучу жайларды уюштуруп, анын акысын жогорулатууну сунуштады. Бул тууралуу мэриянын демилгеси Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланды.

Сунушта айтылгандай, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайынын кызмат көрсөтүүлөрүнө сааттык төлөм киргизилет. Калаанын борбордук бөлүгүндө унаа токтоочу жайлардын биринчи сааты үчүн төлөмдү 25 сом жана андан кийинки сааттар үчүн тарифти 40 сомдон 100 сомго чейин белгилөө пландалууда.

Мэрия өз сунушун калаада авто тыгындарды жана жол кырсыктарын азайтуу максаты менен түшүндүрүүдө.

Документтин негиздемесинде жазылгандай, ушул күндөрү Бишкекте 683 миң автоунаа катталган. Мындан сырткары башка аймактарда катталган дагы миңдеген машине күн сайын борбор калаага кирип-чыгып турат.

“Бишкек шаарынын аймагында автотоктотмолорду жана машине коюучу жайларды уюштуруу жана иштетүү тартибин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” президенттин жарлыгынын долбоору тиешелүү сайтта 18-августта коюлду. Коомдук талкуу 17-сентябрга чейин уланып, андан соң документ Президенттин администрациясынын кароосуна жөнөтүлөт. Документке президент кол койсо күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button