Коом

Бишкекте төрт ири унаа токтотуучу жай курулат. Даректери

Бишкекте төрт ири унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, мэр Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда «Бишкек шаарынын аймагында көп деңгээлдүү унаа токтоочу жай» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканы айтылып, анын алкагында 500 автоунаа баткан көп деңгээлдүү токтотмо жай курулары кошумчаланган.

Даректери:

Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;

Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде;

Псков жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде;

Түгөлбай ата жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button