КоомОкуялар

Сокулукта 7-класста окуган кыз оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда табылды

Бул туурасында окуяга күбө болгондор билдирди.
Секелек шымы, ич кийимдери шыпырылган тейде эси ооп жаткан. Кызды 24-октябрь күнү саат 19:45тер чамасында улгайган киши жубайы менен кампасына бараткан жолдон тапкан.  

“Кызды көрүп чочуп кетишиптир, колун чечип, чүпүрөктү оозунан алып чыгышса эсине келе түшкөн. Кимдин кызы экенин сураганда араң айтыптыр. Анан апасын чакырышкан, милиция дагы келди. Ал биздин айылда жашаган үй-бүлөнүн бакма кызы экен. Ошол бойдон күнөөлүүлөр табылдыбы же жокпу белгисиз”, — деди маалымат берген тарап.

Чүй ОИИБ факт катталып, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.  Экспертизалар дайындалып, күбөлөр, кыздын өзү жана ата-энеси суралган. 

Милиция окуянын чыныгы себебин аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин убадалады.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button