Коом
Кыргызстанда 200, 500, 1000 сомдук акчалардын жаңы сериядагы банкноталары чыгат

10-майдан баштап 200, 500 жана 1000 сомдук номинал киргизилет. Кийинчерээк башка номиналдагы банкноталар (2000 сомдон башка) дагы жүгүртүүгө чыгат. Жаңы сериядагы акчанын өлчөмү, түсү, алдыңкы жана арткы беттеги сүрөттөрү өзгөрбөйт.
Негизги айырма — банкноталарда ак сызыктын жоктугу, ал бат эле кирдеп, колдонуу мөөнөтүн кыскартчу. Эми бул бөлүк түстүү болот.
Ошол эле учурда мурунку сериядагы банкноталар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калат.



