Окуялар

«Евразия» соода борборуна бомба коюлду деп жалган маалымат берген шектүү кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2026-жылдын 20 жана 21-апрелинде «Евразия» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу атайылап жалган маалымат берген деп шектелген Ж.У.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран кылмышын жашыруу жана анонимдүүлүктү камсыз кылуу максатында өзүнүн «@azertrc» деген аталыштагы аккаунту аркылуу Telegram тармагындагы «СНГскамеры» жана «WTB KRG» каналдарында үчүнчү жактардан мессенжерлерде катталган аккаунттары бар SIM-карталарды сатып алып турган.

Аталган кылмыштуу аракеттерге кармалган жаранды бейбаштыгы, ошондой эле укук коргоо органдарынын мындай фактыларга карата кандай реакция кыларын билүүгө болгон кызыгуусу түрткү болгону аныкталды.

УКМК эскертет: террордук акт тууралуу атайылап жалган билдирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оор кылмыш болуп эсептелет жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Ошондой эле жарандарды сак болууга чакырып, эч кандай шартта өздөрүнүн жеке маалыматтарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button