Коом
Бишкекте таксист 26 жаштагы аялды зордуктаган деп кармалды

Милицияга арызды жабыркаган кыздын эжеси жазып, сиңдисин бейтааныш киши зордуктап салганын билдирген. Анын айтымында, окуя 21-февраль күнү саат 20:30 менен 21:30дун ортосунда болгон.
Шектүү катары 23 жаштагы бала кармалып, иш козголгон. Тергөөдө ал таксист болуп иштей турганы, кардарды айткан жерине жеткирип, кайра кайтаарда кылмыш кылганы белгилүү болгон.



