Коом

УКМК: «Кулун ата» базарынын соодагерлеринин талаптары толугу менен канааттандырылды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан базардагы соодагерлер үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү жана ижара акысын төмөндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, «Кулун Ата» базарынын соодагерлер профсоюзунун төрагасы Р.Исамидинованын интернет булактарына жарыяланган кайрылуусу эске алынып, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Бул максаттар үчүн, «Кулун ата» базарынын жетекчилиги жана «Кулун ата» базарынын соодагерлери КР УКМКга чакырылып, анын жүрүшүндө ижара баасы мурда 10%га арзандатылганы аныкталып, бул өз кезегинде соодагерлердин нааразычылыгын жараткан.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча, видео кайрылуу жасаган адамдардын талаптары толугу менен канааттандырылган, ал эми базардын администрациясы соода жайларынын ээлери үчүн да, кошумча ижарачылар үчүн да ижара акысын төмөндөтүүгө даяр экендигин билдирди, бул жалпысынан соодагерлердин ижара акысын 15тен 30%га чейин төмөндөтөт, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button