Коом
Бүгүн саат 20:00гө чейин Чыгыш-5 кичирайонунда жылуулук менен ысык суу өчөт

Ошондо аталган райондогу № 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөрдө, Чүй проспектисиндеги № 30, 32, 34 үйлөрдө жылуулук берүү убактылуу токтотулат.
Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектебинде жана №59 бакчада да ыңгайсыздык жаралышы ыктымал.
Мэрия мындай оңдоо иштери жылуулук тармагынын эски бөлүгүн алмаштырып, жаңы орнотулганын жылуулук тармагына кошуу максатында жасалып жатканын билдирди.



