Касым-Жомарт Токаев Бишкекке иш сапары менен келет

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-27-ноябрда Бишкек шаарына Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келет. Бул маалыматты Аккорданын басма сөз кызматы билдирди.
Кеңештин сессиясы 27-ноябрга белгиленген. ЖККУнун маалыматы боюнча, катышуучулар биргелешкен иштин актуалдуу маселелерин, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашат.
Коопсуздук тармагынын актуалдуу маселелери боюнча мүчө мамлекеттердин консолидацияланган позициялары чагылдырылган декларацияны кабыл алуу, ошондой эле 2026-2029-жылдарга ЖККУнун башкы катчысынын ордуна талапкерди кароо пландаштырылууда. Азыр бул кызматты Имангали Тасмагамбетов ээлеп турат.



