Коом

Исхак Пирматов мамлекетке 300 миң сом төлөмөй болду

Мурдагы депутат Исхак Пирматов коррупцияга күнөөлүү деп аныкталып, мамлекеттин пайдасына 300 000 сом өлчөмүндөгү айып төлөмөй болду. Бул туурасында Биринчи май райондук соту кабарлды.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 9-сентябрдагы өкүмүнө ылайык, И.А.Пирматов Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, мамлекеттин пайдасына 300 000 сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди», — деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, Исхак Пирматов 31-майда кармалган. Ал эми 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Саясатчы Кумтөр иши боюнча коррупциялык ишке шектелген болчу. Ал эми 22-июлда бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде  камактан чыгарылган эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button