Коом

Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Бишкек — Ош унаа жолунун 81 км бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгени маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button