Коом

Жалал-Абад ОИИБи: “Допинг” иш-чарасы учурунда баӊгизаты менен алектенген шектүүлөр кармалды

2024-жылдын 11-майында Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад ОИИБдин Баӊгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2024-жылдын 11-майында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада, жалпы салмагы 8,33 граммды түзгөн өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизатын сатып өткөрүп, мыйзамсыз аракеттерге барган А.И. жана Б.Э. аттуу жарандар аныкталган. Ошондой эле, ошол эле күнү алынган баӊгизатка карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Кылмыш ишинин алкагында, шектүү катары Сузак районунун 1977-жылы туулган тургуну Б.Э. жана Жалал-Абад шаарынын 1987-жылы туулган тургуну А.И. аныкталып, тергөө кызматына камсыздалган. Шектүүлөр Б.Э. менен А.И. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-бер. негизинде кармалышып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2024-жылдын 13-май күнү Сузак райондук сотунда шектүү Б.Э. менен А.И. баш коргоо чарасы каралып, бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button