Коом

Балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот

«Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» санариптик документи – бул туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн кагаз формасын алмаштыруучу расмий электрондук документ болуп саналат.

Ал кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот.

Туулгандыгы тууралуу санариптик күбөлүктүн негизги артыкчылыктарынын бири — анын ыңгайлуулугу. Эми аны каалаган ыңгайлуу убакта жана каалаган жерде колдоно аласыз. 

Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруу керек: Бирдиктүү идентификациялоо системасында авторизациялануу (булуттук электрондук кол тамганы Калкты тейлөө борборунан бекер алуу керек);

«Tunduk» мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarketтен жүктөө; 

Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;

Тиркемеде «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.

Жарандардын жашоосун санариптик технологиялар аркылуу жеңилдетүүгө  багытталган мындай иш-аракеттер мындар ары да уланмакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button