Коом

Убакытты туура пайдаланып калыңыз! 13-ноябрга гороскоп

Кой

Сиздин милдет — бүгүн  эртең менен эрте эле “жети өлчөп бир кес” дегендей ыкманы пайдаланып, ашыкча түйшүк алып келүүчү пайдасыз иштерди токтотууну пландаңыз.   Ишиңизди, маселеңеңизди  канчалык туура пландаштырсаңыз  бүгүнкү күн ошончолук ийгиликтүү болот.

Букачар

Бүгүн ыңгайлуу убакытка чейин кийинкиге калтырылган бир топ маселени чечүү үчүн жакшы күн. Кечинде адал эмгектен эс алуунун жолу катары, сиз кимдир-бирөөнү кубантууну кааласаңыз, алар сизди көрүп кубанаарынан күмөн санабаңыз.

Эгиздер

Сиз жашоодон (жана ошол эле учурда өзүңүздөн) өтө көп нерсени талап кыласыз. Сиз  өзүңүздү ушинтип чарчатып албашыңыз керек, жашоонун ырахатын да сезе билиңиз. Жакшы эс алышыңыз керек.

Бөйөн

Бүтпөгөн иштер ар дайым боло берет, бирок бүгүн жаңы нерсени баштаган жакшы. Ырас, сиздин ишиңиз жакындарыңыздын терс реакциясын жаратышы мүмкүн. Бирок, ошол жаңы баштаган иш сизге ийгилик алып келет.

Арстан

Бүгүн белек берүү үчүн жакшы күн. Ал кандай  белек болбосун,  алган адам кубаныч менен кабыл алат. Андыктан жакындарыңызды белек  берип кубантыңыз.

Бийкеч

Бүгүн  ийгиликтериңизди өркүндөтүүгө убакытыңыз жетиштүү болот. Ишиңиздин кылдат аракеттенүү натыйжасы шашылыш ыргытылган нерсеге караганда алда канча жогору бааланат. Ийгиликтүү күн сиз үчүн.

Тараза

Бүгүн өзгөчө жакшы күн болушу керек. Бирок, башка күндөргө караганда мындай жакшы күндүн узунураак болбой турганы өкүнүчтүү.  Учурду пайдаланып калыңыз.

Чаян

Эгер сиз лотерея ойносоңуз, анда бул сиздин күнүңүз. Эгерде андай болбосо,  спекуляциялар сиздин кесибиңизге туура келбесе, каржыны манипуляциялоодон алыс болууга аракет кылыңыз. Каражатты алдатып жибербеңиз. Этият болуңуз.

Жаачы

Буга чейин жакшы иштеп жаткан нерсени мындан да жакшыртууга аракет кылбаңыз. Жакшы жолго түшүп калган нерсени мындан да жакшыртам деп эч нерсеси  жок калуу коркунучу бар.

Тоо теке

Сиз сүйгөн адам  бүгүн сизди катуу таарынтышы мүмкүн. Балким , сизди башка адам ушунчалык таарынтса аларды эч качан кечирбешиңиз ыктымал. Бирок, сүйгөн адамыңыз сизди канчалык катуу  капа кылса да, ал сизге таарынууга жол бербейт.  

Суу куйду

Башкалардын эрежелерин кылдат изилдеп убара болбостон оюндарды ойноону баштабаңыз, анткени анын  кесепеттери абдан кайгылуу болушу мүмкүн. Этият болуңуз.

Балык

Бүгүн сизде жаңы хобби же балким кумар болушу мүмкүн. Ал сизге бере турган артыкчылыктарды колдонуңуз, бул жөндөмдөр качандыр бир күнү сизге абдан пайдалуу болот. Ийгиликтүү күн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button