Коом

Музыкант Викрам Рузахунов Алматыдагы абакта кыйноого кабылганын айтты

Алматыдагы баш аламандык учурунда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов абакта отурганда кыйноого кабылганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Сурак маалында мен белгилүү музыкант экенимди айтып, жөн гана атымды жазып издеп көрүүнү сурандым. Жооп катары сөгүш жана шылдың угуп жаттым», — деп жазды Рузахунов.

Ал эгер анын видеосу социалдык тармактарга жарыяланбаганда анын кармалганын эч ким билмек эместигин билдирди.

«Жүздөгөн негизсиз камалган, бейкүнөө адамдардын ичинен мени тандап, сценарийди жаттатып, камерага кайра-кайра айттырган адамга рахмат. Дарыгерлердин айтымында, мен көпкө жашамак эмес экенмин. Анткени сынган кабыргаларым өпкөмдү жабыркатып койгон экен. Дагы бир-эки сокку болгондо жүрөккө зыян келмек экен», — деп жазды ал.

Өз кезегинде Викрам Рузахунов өлкө башчы Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жана аны колдогон бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирген.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөүлгөн.  Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button