Коом
Улан Ниязбеков Кытайдагы коомдук коопсуздук боюнча кызматташуу форумуна катышууда

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын Ляньюньган шаарына коомдук коопсуздук жаатындагы кызматташтык форумуна катышуу үчүн келди, ага башка мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин жана полициясынын жетекчилери катышууда.
Аталган форумдун алкагында ИИМдин башчысынын башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.
Жумушчу сапардын алкагында Улан Ниязбековдун коомдук коопсуздук жана ички иштер министрлеринин “Кытай – Борбордук Азия” форматындагы биринчи жыйынына катышуусу мерчемделген.



