Коом

11–12-класстардын окуучулары үчүн жол эрежеси боюнча жаңы программалар киргизилет

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин жана айдоо көндүмдөрүн үйрөтүү боюнча жаңы 14 айлык программа мектептерде 11–12-класстардын окуучулары үчүн киргизилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жазып чыкты.

Бул программа окуу процессинин бир бөлүгү болуп, жыл мезгилдерине жараша жана экзамендерге кайра даярдануу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлгөн.

Программа чоңдорго тиешелүү эмес. Мектепти бүтүп кеткендер үчүн окутуу айдоочулук мектептерде кыска жана интенсивдүү курс түрүндө жүргүзүлөт.

Президенттин айтымында, бул чара жол кырсыктарынын санын азайтуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алуу көрүнүшүн жоюу максатын көздөйт.

Тектеш кабарлар

Back to top button