Коом

Кунтуу айылынын 2 миң тургуну ГИКтен кезексиз батир алышы мүмкүн

Чүй облусунун Кунтуу айылынын 2 миң тургуну Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (ГИК) кезексиз батир ала алышат. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде ГИКтин сатуу башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков билдирди.

Келдибековдун айтымында, Чүй облусунун Кунтуу айылында жаңы «Кочмон Сити» турак жай комплекси курулуп жатат. Курулушту аяктоо мөөнөтү — 2027-жылдын III чейреги. Бирок иштер белгиленген графиктен алдыда жүрүүдө. Долбоордун биринчи этабын ушул жылдын декабрь айынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.

Бул турак жай комплекси эки этапта курулат, ал эми ар бир этап эки фазага бөлүнөт. Жалпысынан турак жай комплексинде 4 685 батир болот.

«Жер тилкеси ГИКке жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан берилген. Ошондуктан бул комплекстен Кунтуу айылынын тургундарына кезексиз батир бөлүп берүү боюнча президенттин тиешелүү чечими бар. Буга чейин мамлекеттен жер тилкесин алуу үчүн айыл өкмөтүндө кезекте турган тургундар эске алынат. 2 миң адамга квота белгиленген. Булар — өзүнүн турак жайы жок жана айыл өкмөтүндө жер тилкесин алуу үчүн кезекте турган Кунтуу айылынын тургундары», — деди ГИКтин өкүлү.

Тектеш кабарлар

Back to top button