Коом

Ошто жарыкка келген 3 эмдин апасына акчалай жардам көрсөтүлдү

Үч эм төрөгөн энеге акчалай көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энеси Айсана Султановадан кабар алды.

Нурбек Кадыров эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэринин атынан куттуктап, 50 миң сом тапшырды.

Белгилей кетсек, Султанованын үй-бүлөсүндө эми 5 уул, 2 кыз бар. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Мүрөк, Мөлтүр, Айдар деген ысымдар берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button