Коом
Ошто унаасын камсыздандырган айдоочуга 1,1 миллион сом кенемте төлөндү

Ошто унаасын камсыздандырган айдоочуга 1,1 млн сом кенемте төлөндү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын жашоочусу Илимбек Жээнбеков ХОВО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын камсыздандырган. Кийин кырсыкка учурап, эми Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жалпы суммасы 1 млн 135 320 сом кенемте сертификатын алып жатат.
Сертификатты Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Төрөбек Нариев тапшырды.
Белгилей кетсек, кенемте жол кырсыкка кабылган жана камсыздандырылган унаанын чыгымдарын ордун толтуруу максатында бөлүндү.



