Коом

«Манас» эл аралык аэропорту кайрадан каттамдарды токтотту

Бүгүн, 22-декабрда, аба ырайынын начарлашына байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту учактарды кайрадан кабыл албай жатат. Бул маалыматты «Кыргызстандын эл аралык аэропорттору» ААК тастыктады.

Маалыматка ылайык, учурда 15 авиакаттам токтотулуп же кечеңдетилди. Айрым каттамдар башка убакытка жылдырылган.
«Көрүнүш 400–500 метрди түзүүдө. Ал эми коопсуз конуу үчүн кеминде 1 000 метр болушу зарыл», — деп билдиришти аэропорттон.

Ошондой эле компания өкүлдөрү «аба ырайына байланыштуу токтотуулар кыска мөөнөттүү болушу мүмкүн жана аэропортто кошумча чектөөлөр киргизилиши ыктымал» экенин кошумчалашты.

Эске салсак, акыркы бир нече күндөн бери коюу туманга байланыштуу Кыргызстандагы ири шаарлардын аэропортторунда учактардын учуп-конушуна байланышкан кыйынчылыктар жаралууда

Тектеш кабарлар

Back to top button