Коом

Бишкекте башкы балатынын оту жанат

Бүгүн саат 18:30да Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу салтанаты өтөт.

Буга байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизиле тургандыгын, Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, майрамдык иш-чараны коопсуз жана тартиптүү өткөрүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн саат 15:00дөн тартып төмөнкү көчө тилкелеринде автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:

  • Чүй проспектиси – Эркиндик бульвары;
  • Чүй проспектиси – Панфилов көчөсү.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жол кыймылын жөнгө салууну жана коомдук коопсуздукту камсыз кылышат.

Айдоочуларды жана шаар тургундарын убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button