Коом

Ошто тоодогу чоң атасына кеткен 9 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда тоодогу чөн атасына чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 16-март күнү саат 21:10 чамасында райондук милицияга Буйга айылынын тургуну 9 жаштагы Ш. Н. аттуу бала 2022-жылдын 15-март күнү саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген эместигин билдирген.

«Жерине барган милиция кызматкерлери жаш өспүрүм ошол айылдын “Чоң-Секи” жайлоосунда мал жандыктарын карап жүргөн чоң атасына бара жатып дайынсыз жоголуп кеткендиги аныктаган.

17-март күнү саат 14:00 чамасында ошол айылдын “Токойлуу-Конуш” аймагындагы жолдун четиндеги бак дарактардын арасынан денесинде эч кандай жарааты жок өспүрүмдүн жансыз денеси табылган», — деп билдиришти облустук милициядан.

Өспүрүмдүн жансыз денесин туугандары соттук- медициналык экспертизага берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда териштирүү улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button