Маданият

Кыргыз-казак өнөрпоздору эки күн бою «Сармерденде» күч сынашат

Бүгүн жана эртең Бишкек шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өнөрпоздору «Сармерден» долбооруна катышат. Бул боюнча долбоордун продюсери Сагын Ниязалиева тастыктады.

Анын айтымында, иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыз-казак достугуна арналууда.

«Бүгүн кечки саат 18.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыздын таланттуу кыздары менен казактын таланттуу жигиттери сахнага чыгышат. Эртең биздин жигиттер казактын кыздары менен таймашат», — деди Ниязалиева.

Маалыматка караганда, иш-чара өкмөттөр аралык деңгээлде уюштурулуп, ага эки мамлекеттин тең маданият министрлеринин катышуусу күтүлүп жатат.

«Кыргыз тараптан кыз-келиндерден Анара Шаимкулова, Алтынай Нарбаева, Кундуз Таштаналиева, Ширин Сарыгулова, Кенже Көбөкова сыяктуу өнөрпоздор катышат. Ал эми жигиттер тобун Токтобек Асаналиев, Аскат Мусабеков, Бакыт Шатеновдой мыктыларыбыз баштайт», — деди продюсер.

Иш-чарага маданий, саясий ишмерлерден турган 800дөй конок чакырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button