Коом
Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун саны 407 адамга жетти

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген 407 талапкер арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Боршайкомдон белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.



