Коом

ЖКККББ кызматка кабыл алуу үчүн сынак жарыялады. Талаптары

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кызматка кабыл алуу үчүн сынак жарыялады.

Конкурска 19дан 30 жашка чейинки орто билими, айдоочулук күбөлүгүнүн В менен С категориясы бар жарандар талапкер боло алат.

Тапшырыла турган документтер:

жеке арыз;

кадрларды каттоо боюнча баракча:

өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);

автобиографиялык реферат;

билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);

паспорттун көчүрмөсү;

никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;

укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;

9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт.

Документтер Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат. Байланышуу үчүн телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.

Документтерди кабыл алуу 28-июнга чейин уланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button