Коом
Кендирбаева: 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат

2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу маалымат жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында мындай чечим өлкөдө өтчү иш-чараларга байланыштуу кабыл алынган.
“Алдыда боло турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына карата кийинки окуу жылын 15-сентябрда баштоо чечими кабыл алынды”, — деди министр.



