Коом
ИИМ: Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учурларын маалымдоого чакырды

Өлкөдө Ички иштер министрлиги жарандарды үй-бүлөлүк зомбулукка кабылса, тезинен укук коргоо органдарына кайрылууга чакырган СМС билдирүүлөрдү таратты.
Министрликтин билдирүүсүндө физикалык, психологиялык, экономикалык зордук-зомбулукка, жаман мамилеге, аңдууга күбө болгон же жапа чеккен жарандар дароо 102 кызматына кайрылуусу керектиги айтылат.
Министрлик белгилегендей, үй-бүлө мүчөлөрүнө же жакын туугандарына зордук-зомбулук көрсөтүү мыйзам чегинде жоопкерчиликке, анын ичинде камакка алууга чейин алып барат.
«Эгер сиз же сиздин жакындарыңыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатса, унчукпай отурбаңыз! Жардам жаныңызда!», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.



