Окуялар
Сүлүктүдө шахтада 4 киши газга ууланып каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү ЖЧК “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду.
Көз жумган 3 эркек киши жана 1 аял (1947-жылы туулган; 1983-жылы туулган; 2001-жылы туулган жана 1986-жылы туулган).
Жерине КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкенин ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.


