Коом
Кара-Балтада эркек киши поезддин алдына калып каза тапты

Кара-Балтада эркек киши поезддин алдына кирип кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөсү видео менен бөлүштү.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 21-мартта саат 19:50дө Кожомбердиев көчөсүндө болгон. Жаран аман калган, бирок абалы оор экени маалымдалды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, поезддин алдында калган адамдын каза болгону айтылды.



