Коом

Сейсмолог: Кечээки жер титирөөдөн кийин жаңы силкинүүлөр күтүлбөйт

Бул тууралуу өлкөнүн башкы сейсмологу Канат Абдрахматов “Кабар” агенттигине билдирди.

“Биздин аймакта жер титирөө болуп келген жана боло берет, сейсмикалык кооптуу аймакта жашайбыз. Ошол эле учурда жакынкы келечекте эч кандай катастрофалык окуялар күтүлгөн жок. Биз глобалдык туруксуздуктун эч кандай белгилерин байкаган жокпуз. Табигый тектоникалык процесстер жүрүп жатат”, — деди ал маегинде.

Абрахматов ошондой эле мессенджерлерде тарап жаткан “мындан да күчтүү жер титирөө болот” деген фейк маалыматтарга токтолгон. 

“Мунун баары куру сөз, аларды таратып жаткандарды түшүнбөйм. Эмне пайда көрүшөт? Же алар кышында жарым жылаңач эшикке чуркап чыккандарды көрүп ырахат алабы? Түшүнбөй жатам”, — деди адис. 

Булак: «Кабар» маалымат агенттиги

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button