Окуялар

Панфилов паркындагы аттракциондон кулаган кыз. Коопсуздук куру үзүлгөнү айтылды

Бишкек шаарынын мэриясы Панфилов паркындагы аттракциондон кулап башы жарылган кыз боюнча комментарий берди.

Маалыматка караганда, аттракцион иштеп жаткан маалда эки коопсуздук куру үзүлүп кеткен. Муниципалитет учурда иликтөө башталып, техникалык текшерүү жүрүп жатканын айтты. Буга чейин парктын администрациясы менен бир нече жолу аттракциондордун баарын коопсуз абалга келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Ал эми парктын администрациясы аттракциондордун баары коопсуз экенин, инструкторлор кардарларды текшерип чыгарын билдирди. Ошондой эле администрация аттракционду иштетер алдында кызга бутун темирден чыгарбоону бир нече ирет эскерткенин, бирок ал аны аткарбаганын айтты. Коопсуздук курларынын үзүлүп кетишинин себептеринин бири да ушул болушу мүмкүн экенин болжолдошту. Парк жабырлануучунун бардык чыгымын көтөрөт.

Эскерте кетсек, аттракциондон кулаган 19 жаштагы кыздын мээси катуу чайкалып, баш сөөгү сынып кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button