Саясат
Балбан Атабек Азисбеков Казакстандагы эл аралык мелдеште коло байге алды

Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.
Азисбеков 87 кг салмакта катышып, коло үчүн кармашта казакстандык Азамат Кустубаевди 6:5 эсебинде жеңип алды.
Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков (63 кг) дагы Bolat Turlykhanov Cup мелдешинде коло байге алган.



