Коом

Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90 пайызы алынды

Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы пляждардагы тосмолор алынууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүгүнөн маалымдашты.Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон. Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button