Коом

Ысык-Көлдө очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-декабрь күнү саат 23:16да Ысык-Көл облусунун Кытай Эл Республикасы менен чектешкен аймагында жер титиреди.

Очогунда күчү 6 баллга жетти. Ал эми Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 5 балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button