Окуялар
Чүйдө эки адамдын урушу ок атышуу менен аяктады

Кеминде адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-августта болжол менен саат 20:12 чамасында Кемин РИИБге ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1997-жылы туулган жаранга ок тийгени маалымдалган.
Окуя боюнча төмөнкүлөр аныкталган. Ошол эле күнү болжол менен саат 11:00 чамасында эки жаран уруша кеткен. К.К аттуу жаран кайрадан саат 18:00 чамасында мылтыгын алып, урушуп кеткен кишиге талаага барып, ок чыгарган. Кийин из жашырган.
Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.



