Дүйнө
Малайзияда эки тик учак сүзүшүп, 10 адам каза болду

Малайзияда аскердик парадга даярдануу учурунда эки тик учак сүзүшүп, 10 адам каза болду. Бул тууралуу Zvezdanews билдирип, видеосун жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуя Лумут шаарында болгон. Тик учактар Малайзиянын королдук Аскер-деңиз флотунун 90 жылдыгына карата көргөзмөнүн алдында машыгып жатышкан.
Кагылышуудан кийин бир учак стадионго, экинчиси спорт комплексинин бассейнинин жанына кулаган.



