Коом
Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион реконструкцияланууда

Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадион реконструкцияланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев курулуш иштерин текшерип, бир катар тапшырмаларды берди.



